Меню
Эл-Сөздүк

Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (екөб)

ЕВРОПАЛЫК КАЙРА КУРУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ (ЕКӨБ) – адистештирилген эларалык экономикалык уюм. 1991-жылы ырасмий түрдө ачылган. Европа Бирлигинин өлкөлөрүн кошкондо, ага 60 өлкө катышат. ЕКӨБдүн максаты – Чыгыш Европада демократия менен базар экономикасынын калыптанышына шарт түзүү. ЕКӨБ экономиканы өнүктүрүү керектөөлөрү үчүн жеке жактарга да, мамлекеттик тармактарга да зайым берет. ЕКӨБ кайрымдуулук иштерин жасабайт, жалаң гана коммерциялык баштапта иш жүргүзөт. Дайындуу долбоор боюнча максаттуу гана кредит берет. Максаттуу кредиттерден сырткары, түз чет жактык каражаттарды жайгаштырат, ошондой эле техникалык жардам көрсөтөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: